08 июнь 2026
Кароолор: 7
Баткен: Самаркандек айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу
Баткен: Самаркандек айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен районунун Самаркандек айыл аймагында эл менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө негизинен сугат суу менен камсыздоо, таза суу тармагын жакшыртуу, жер маселелерин жөнгө салуу жана саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөр көтөрүлдү. Ошондой эле айыл ичиндеги жолдордун абалы, электр энергиясы, социалдык объектилердин инфраструктурасын жакшыртуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча сунуштар айтылды.
Тургундар тарабынан сугат суунун тартыштыгы айыл чарба өндүрүшүнө терс таасирин тийгизип жаткандыгы белгиленип, ирригациялык тармактагы маселелерди жөнгө салуу керектиги айтылды. Жыйынтыгында айыл өкмөт менен суу чарба башкармалыгынан эки мурабды дайындоо, суу жеткирүүнү тартипке салуу тапшырмасы берилди.
Мындан сырткары айрым калктуу конуштарда таза суу жеткирүү системасын жакшыртуу зарылдыгы айтылып, бир ай аралыгында таза суу курулуштары аяктаары айтылды.
Жолугушууда жарандар айыл аймактын жалпы көйгөйлөрү менен катар жеке маселелерин да көтөрүп, аларды чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө түз кайрылууга мүмкүнчүлүк алышты.
Бул өз кезегинде айрым көйгөйлөрдү жеринде талкуулап, алардын чечүү жолдорун аныктоого шарт түздү.
Жолугушууга 200дөн ашуун тургун катышып, 50гө жакын жаран суроо сунуштары менен кайрылды.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.