03 июнь 2026

Кароолор: 5

Баткен облустук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Баткен облустук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Бүгүн Баткен шаарында Баткен облустук прокуратурасынын имаратынын ачылуу аземи өттү.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, КРнын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Башкы прокурор Максат Асаналиев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, облус прокурору Абай Молдокматов жана прокуратура кызматкерлери катышты.

Административдик имарат эки кабаттуу болуп курулуп, кызматкерлердин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы